Тосмолорубузду бузуп кетип жатышат

город Базар-Коргон | 15:27, 5 мая 2021 | Просмотров: 886Не выполнено

Базар-Коргонго караштуу Ооган-Талаа айылындагы элдин үнүнбийлик угаар бекен? Бул айылда элдин айыл чарба багытында бир сотых да жери жок.

Калктын жашоосу токойго, жаңгакка эле байланган. Акыркы жылдары жаңгак да жакшы болбой, эл кыйналып кетти. Ачы токой чарбасынан келишимдик негизде алган жерлерин быйыл иштете албай калуукооптуулугу турат. Эптепжайыттан алган жерлерин тосмолоп бүтүшсө, белгисиз адамдар элдин тосмосун бузуп кеткен. Буудай, ун кымбаттап жатканда азык-түлүк үчүн эгин эгүүнү каалап турган элге эч кандай мүмкүнчүлүк берилбегени калктын нааразычылыгын жаратып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь