«Активдүү жаран»: Сузакта тытылган желек желбиреп турат

Сузакский район | 16:46, 6 мая 2021 | Просмотров: 7 799Не выполнено

На данную новость получен ответ: «Активдүү жаран»: Сузактагы тытылган желек алмаштырылды

Бишкек—Ош унаа жолундагы Сузак районунун аймагынан өткөн айланма жолдо 2019-жылы бийиктиги 45 метр келген флагшток орнотулуп, узун-туурасы 20-10 метр болгон мамлекеттик туу илинген.

Флагштоктун пайдубалына Курманжан датканын, Барпы Алыкуловдун, Бекмамат Осмоновдун, Абды Сүйөркуловдун сүрөтү түшүрүлгөн. Мамлекеттик ишмерлерди даңазалаган ошол жайдагы желбиреген желек жыртылган бойдон турат. Жакында коңшу Өзбекстан мамлекетине барып келген делегация желегибиз көтөрүлгөнүнө кубанып, жетине албай мактанып жатып калышты.

Дүйнөнүн чар тарабына көтөрүлгөн желегибизди мактанганыбыз жакшы. А бирок өзүбүздөгү желекке жасалган кайдыгерлик мамилеге эмне дейбиз?

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь