Жанга батканда кара малдарга жазылган жазуулар

Ноокенский район | 14:13, 29 мая 2021 | Просмотров: 1 024Не выполнено

Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагындагы Жаздак айылында кара малга жазылган жазуулар бир четинен күлкүңдү келтирсе, бир четинен элди түшүнүүгө да болот. Эгин талааларына, бедесине, үйүнүн короолоруна эгилген эгиндерге мал-жандыктар кире берип, элди чарчатты.

Кара малдардын көбөйгөнү элдин өзүн деле убайга салып жатат. Короосунан мал айдагандан тажаганда минтип кара малды кармап, бооруна ак сыр менен “Малыңды бактыр. Малыңды колуңдан келсе бак. Акмак” деген сыяктуу жазууларды жазып коюшкан. 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь