«Активдүү жаран»: Согуш ардагеринин кулайын деген үйүнө ким көңүл бөлөт?

Сузак району | 09:09, 6-май 2021 | Кароолор: 4 288Аткарыла элек

Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагынын тургуну, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Төрөгелдиев Сыргабай ата күн кечирген үйдүн эчак эскилиги жеткен. Ал жаткан бөлмөдө жаракалар бар. Жада калса үйүнүн жаракасы сыртынан даана көрүнүп турат.

Саналуу гана ардагерлер калды, алардын көзү тирүүсүндө шарт жаратуудан качпашыбыз керек.Өзүнөн кийинки муундардын тынч жашоосу, бакубат турмушу үчүн кандуу согушту баштан кечиргенаталарга коомчулук ар дайым таазим этүүсү абзел. 

Атабыздын көзү тирүүсүндө турак жайын калыбына келтирип, кубантсак да аздык кылмак. Сузак районунда 5 гана согуш ардагери калган.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь