«Активдүү жаран»: Эптеп тартылган электр зымдары

Базар-Коргон шаары | 14:15, 29-май 2021 | Кароолор: 3 187Аткарыла элек

Базар-Коргонго караштуу Орто-Сай жаңы конушунда электр зымдарды эл эптеп эле тартып алышкан. Эч кандай заман талабына жооп берген устундар жок эле, өзүм билемдик менен тартылган.

Конушка келгендер анан кантет? Жер көчкүдөн улам шашылыш түрдө үй жайын таштап келген элди караган жан жок. Кокустан жаан-чачында зымдар үзүлүп кетип, жаш балдар, эл жабыр тартып калбаса экен деп кооптонуп эле жашап келе жатабыз. Корккондон башка аргабыз жок экен...

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь