Жаңы конуштагы соцобъектинин жери кыскарып баратат

город Базар-Коргон | 19:13, 4 мая 2021 | Просмотров: 1 293Не выполнено

Базар-Коргонго караштуу Орто-Сай жаңы конушуна акыркы 3-4 жылдан бери эл отурукташып, турак жай көбөйүп калды. Тээ жер көчкүдөн улам көчүп келген элге андагы айылда мектеп, бала бакча, ФАП үчүн да жер тилке бөлүнгөн.

Жер эсептелип бөлүнүп жатканда ошол жерде жергиликтүүлөр да болгон. Бирок акырындык менен соцобъект үчүн берилген жер кыскарып эле баратат. Мектепке бөлүнгөн жерге жеке турак жайлар курула баштады. Андагы конушта болсо мектеп муктаждыгы жаралды. Эгер билим уясы курулбаса жакынкы жылдары андагы жер түп тамырынан жок болгону турат. 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь