Таза суу, жол көйгөйүнөн арылбаган айыл

город Базар-Коргон | 19:15, 4 мая 2021 | Просмотров: 990Не выполнено

Базар-Коргонго караштуу Орто-Сай элине тагдырдын өгөй балдарындай эле мамиле жасалат. Андай конушту жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийликтен бешене жылытарлык кадам таштала элек.

Электр жарыгын эл эптеп көрүнгөн жерге жыгач сайып тартып алды. Жол, таза суу көйгөйү да чечилбей турат. Жаңы конуштагылар былтыркы жылы айылга арык салдыруу үчүн акча жыйнап, тийиштүүлөргө беришкен. Бирок ошол бойдон жумуш деле аткарылган жок.  

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь