Чек арага чеп элдин көйгөйүн чечели

Аксы району | 19:22, 4-май 2021 | Кароолор: 776Аткарыла элек

Аксы районуна караштуу Мамай айылы ӨзбекстанРеспубликасынын Наманган облусунун Янгикорган району менен чектешет. Чек арага чеп болгон элге шарт түзүлүп, керек болсо өзгөчө макамга ээ болуп жашашса туура болмок.

Бул айылда 2018-жылы чек ара чырынан бир жергиликтүү тургун каза болгон.Чек ара чыры түгөнбөгөн четки айылда 2 жылдан бери эки тараптуу мамиле жумшарды. Мурункудай чатакташа кетчү учурлар токтогону сүйүндүргөнү менен чек арага чеп элдин социалдык көйгөйлөрү чечилбеди. Айылда таза суу жок. Ар тараптан унааларына ташып келишет. Кербенде жүрүп жаткан таза суу долбоору бул айылга да улана турганы айтылып жатат. Калктын үмүтү ушул гана болуп турат.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь