«Активдүү жаран»: Жол жээгине таштанды, иттин өлүгүн таштай качкандарды уяткаралы

город Жалал-Абад | 15:14, 5 мая 2021 | Просмотров: 5 727Не выполнено

Жалал-Абад шаарынан чыккан таштанды таштоочу жай тарапка бараткан жолдун жээги таштандыга толгон. Өз алдынча таштанды алып баргандар жол жээгине эле таштап кете беришет.

Өлгөн иттерди да таштай качкандар бар. Жолго таштанды таштагандар – тазалыккакыянаттык мамиле жасагандар, коомдук абалга кайдыгер мамиле жасагандар, кара өзгөйлөр.

Иттин өлүгү залалсыздандырылышы керек. Айнектин сыныктарын да жолго ыргытып коюшкан. Андагы талаага мал жайылат. Кимдир бирөөнүн чырактай баласына айнек кирет же оору жугат деген ой болушу керек.

Таштандыдан кутулганына сүйүнө качкандарды кармап, коомчулукка уят кылуу керек. Антпесе жаратылышка, айлана-чөйрөгө күйбөгөндөр көбөйүп баратат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором