Соку-Таш айылына байланышкан кызыктуу элдик уламыш

Сузакский район | 15:11, 5 мая 2021 | Просмотров: 1 067Не выполнено

Сузак районуна караштуу Соку-Таш айылынын аталышы жөнүндө кызыктуу маалыматтар айтылып келет. Айылда сокусу жана ташы болгон.Улуулардын айтууларында, таштын сокусун1917-1920-жылдары орус аскерлери сазга ыргытып жиберишкен.

Таштын түбүндө алтын бар деген божомол болгондуктан, таштын ордун жылдырып көрүшөт. Бирок таштын сокусун ыргыткан адамөз дарегине жетпей каза болгон. Элдик уламыштарга да бай.

Бир кылым мурда ал таштын түбүндө алтын болушу мүмкүн деген кабарды угушуп, башка аймактан 5 адам келет. Алар таштын айланасын түнү менен казып чыгат. 5 адамдын бири молдо болгондуктан түнү менен намаз окуп, куран окуп турат. Алар алтынга жеткиче таң атып, белгисиз себептерден улам бешөө тең ошол жерде жан бергени айтылат. Таш бир аз оодарылып турган абалда он жылдай турган. Андан кийин айылдыктар түлөө өткөрүп, ташты ордуна коюшкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь