«Активдүү жаран»: Сузактагы тытылган желек алмаштырылды

Сузакский район | 09:19, 7 мая 2021 | Просмотров: 5 307

Проблема: «Активдүү жаран»: Сузакта тытылган желек желбиреп турат

Сузак районундагы айланма жолдогу тытылган мамлекеттик туу жаңыртылды. Тууну жаңыртуу иштерине 70 миң сом корогон.

«Бир айда шамал катуу болгондо мамлекеттик туу 2-3 жолу алмаштырылат. Шамалдан тытылган учурлар өтө көп болууда. Кичине жыртылса, аны кайра тигип илсе болот.

Мындай чоң туу бир эле жерде — Ош шаарында эле тигилет. Аны алмаштырып, көзөмөлдөп туруу Ырыс айыл өкмөтүнө тапшырылган», - деп билдирди райондук администрация.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь