Жайлоосуз калганы турабыз...

Аксы району | 13:15, 10-май 2021 | Кароолор: 1 164Аткарыла элек

Кыргызстанда эч кандай жол каттамы жок Нарын дарыясын кечип өткөндөр жалгыз ушул Аксыдагы Кызыл-Бейит, Күрп-Сай айылдарынын эли болсо керек. Электр жарыгы жоктугу, жолдун ордунасуудан кайык, паром менен каттаганыбыз менен элдин назарына алынган жашоочуларбыз.

Табияты кооз, жайлоого оролгон айыл эли быйыл тынчсыздана баштады. Биздеги эл чыккан жайлоолордун бири болгон Тактазан жайлоосунда алтын кен чыккан жерди казуу үчүн жол салына баштады. Эртеңки күнү жайлоолорубуз талкаланат. Ансыз деле быйыл ошол тарапка мал жаюуга тыюу салына турган болуп жатат. Бир гана мал-жандык менен жан баккан элди эми жайыт маселеси кыйнаганы турат.

Башка аймактардагы элге окшоп айдоо жерибиз жок.Тоолор, токойлор, жайыт жерлер жана таза суулар жок болгону турат. Иш башталса, таштан-ташка урунуп аккан таза суубуз булганат. Кокту-колоттон суу ичкен эл кайдан суу издейт? Кен байлыкка лицензия бергенде калктын да жашоосун бийлик эске алышы керек.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь