Сай ичинен шагыл алгандарды тайраңдатпагыла

город Базар-Коргон | 13:19, 10 мая 2021 | Просмотров: 984Не выполнено

Мен эс тарткандан бери Базар-Коргон районундагы Тентек сайдан ишкерлер кум, шагыл алышат. Кызыгы, сайдын ичинде ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлерге шагылды элеп алууга тыюу салынган, бирок алар эрежеге таптакыр баш ийишпейт.  

Шагыл алгандан кийин рекультивация жумушу жүрүшү керек. Тилекке каршы пайда көргөндөр жумуштарын көңүл жылытарлык жасашпайт. Дал ушул сайда дагы шагыл алгандар көбөйдү.

Жергиликтүүлөр ушул сайда иштеген ишкерлерге нааразыбыз. Ушулар шагыл алабыз деп дамбаларга терс таасирин тийгизип,  калыбына келтирүү жумуштарын алгылыктуу жүргүзүшкөн эмес. Суунун деңгээли көтөрүлүп, жергиликтүү жашоочуларга кооптуулук жаралат. Миңдеген адамдын жашоосуна кайдыгер мамиле кылган ишкерлерге жаза барбы?

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь