Тентек сайдын жээги таштандыга толду

Базар-Коргон шаары | 13:21, 10-май 2021 | Кароолор: 869Аткарыла элек

Базар-Коргон шаарын аралап агып өткөн Тентек сайдын жээги таштанды, акыр-чикирге толуп бүттү. Муну жергиликтүү жашоочулар да,калаадагы тазалыкчылар да тазалабайт. Арасында малдын терилери, иттин өлүктөрү жатат.Таштандыга аралашып жашаган жергиликтүүлөргө таң каласын.

Бир чети бул көрүнүш экологияга зыянын тийгизсе, экинчиден адамдын ден соолугуна зыян келтирүүдө. Мындай көрүңүштү көзөмөлгө алган жан барбы?

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь