«Активдүү жаран»: Аталардын айкелдерине көңүл буруп коюшса...

Балыкчы шаары | 09:41, 13-май 2021 | Кароолор: 5 352Аткарыла элек

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы, тактап айтканда акимиаттын маңдайында орун алган «Жеңиш» сейил багынын жанынан өтүп бара жатсам, тиш дарыгер Шералы Ынакбеков агабыз Улуу Жеңиш күнүнө карата атасы Сейдибакас Ынакбековдун айкелин сырдап жатыптыр.

Айтайын дегеним, ал сейил бакта мындан башка дагы Социалисттик эмгектин баатырларынын айкелдери орун алган. Бирок айкелдердин сыры жаан-чачынга агып, күндүн ысыгына күйүп, айтор көркү кетип калган. Ушул айкелдерге көңүл буруп, көркүнө чыгарып, сырдап коюшса болот эле...

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь