Тизеге чейин сууга толгон базар

Жалал-Абад шаары | 09:39, 24-май 2021 | Кароолор: 1 717Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарын жаан-чачында суу каптайт. Өткөн аптадагы катуу жамгырда эле тизеден келген сууга толду.

Жаан жааган сайын соодагерлер убара. Базарды каптаган суунун нугун бура салчу жөнөкөй арыктар жок. Базарды иштеткендер, даамын таткандар ижарачыдан ижара акысын алгандан башкага баш оорутушпайт. Базар ээлери же шаар бийлиги ойгонбойт.

Бул жерде сатуучулар эле эмес, сатып алуучулардын да кызыкчылыгын ойлогон жан жок.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь