Жазы-кечүүлүктөрдү кыйнаган жалгыз аяк жол

Базар-Коргон шаары | 19:16, 14-июнь 2021 | Кароолор: 2 541Аткарыла элек

Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылы район борборунан 100 чакырымдан ашуун алыста, климаттык шарты оор, тоолуу жерде жайгашкан. Бул айылга 2020-жылы биринчи жолу электр жарыгы жеткирилди.

Эл оозунда айтылган аңыз кептерге караганда, элетте Кокон хандыгынын тушунда деле эл отурукташкан. Жолу да катаал айылда ФАП, мектеп мекемеси бар. Жүздөн ашык кожолукта 600гө жакын эл жашайт. Совет бийлигинен азыркы мезгилге чейин мамлекет тарабынан аталган айылдын тургундарына кышкысын каттай турган жол салуу маселесине көнүл бурулбай келет.

Азыркы мезгилде Жаз-Кечүү айылына Сузак районунун Ак-Тоок жана Каду айылдары аркылуу бара турган автоунаа жолу октябрь айынан жабылып, кийинки жылдын май айына чейин каттам токтойт. Ал эми кышкысын атчан жана жөө жүрүшөт. Деген менен эл кышы-жайы каттай турган жол салууну каалашат. Жол салуу маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлмөйүн айыл өкмөттүн күчү жетпейт.

Жогорудагы көйгөйдү чечүү үчүн Кызыл-Үңкүр айылындагы Чат-Көпүрөдөн баштап, Жазы-Кечүү айылына чейин жол курулуп калса, элдин күнүмдүк турмушу жакшырып, тургундар үчүн кышы-жайы автоунаалар каттамы үзүлмөк эмес. Туристтер келүүчү жайга айланмак.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь