«Активдүү жаран»: Шаар көркүн бузган жарнак

Жалал-Абад шаары | 09:03, 31-май 2021 | Кароолор: 3 285Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнүн бириндеги баннер шамалдан улам тескери айланып калган. Самсалап турган баннерге шаар бийлиги көңүл бурган деле жок.

Чакан шаардагы көрнөк-жарнактарды тейлегендер көздү жумуп коюшкан окшойт. Район-шаарлардан, чет мамлекеттен келген коноктордун көзүнө албетте жыртылып, тытылып калган жарнак биринчи көрүнөт. Муну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жакшы билишет.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь