Курортко жылкы байлап, байыгысы келгендер

Жалал-Абад шаары | 09:16, 31-май 2021 | Кароолор: 1 352Аткарыла элек

Жалал-Абад шаары үчүн эле эмес, облустун жузү катары да Жалал-Абад курортун айтып келген коноктун баарына мактанабыз. Сырткы өлкөдөн жебашка аймактан конок келсе, биздин бетке тутунар жайыбыз — курорт.

Мисте бакка толгон курортубузга акыркы жылдары бээ байлап,байыгысы келгендер, көз арткандар көбөйдү. Аларга башкысы бээнин сүтүн сатып, капчыгын кампайтышса болду. Жылкылар мисте бакты кажып, бакка келтирип жаткан зыян тууралуу ойлонгусу да келбейт. Негизи курорт аймагына мал-жандыктарды жаюунун өзү мыйзамга туура келбейт. Алар баш мыйзамдагы тартипти уруп деле ойнобойт.

Шаардык кеңештин депутаттары, бийлик өкүлдөрү рейд өткөрүштү. Бул иштин жүрүшүндө ондон ашык жылкы кармалган эки эс алуу жайы аныкталып, санэпид көзөмөл борбору тарабынан 3 миң сомдон айып салынды. Ошондой эле 3 күндүн ичинде шаар аймагынан жылкыларды алып кетүү эскертилди. Элдин саламаттыгын ойлоп жатканын жалгандан бетке тутунгусу келгендер, курорт зонасына келтирип жаткан зыянын түшүнгүдөй да эмес. Эми мамлекетке айыпты төлөп, өз абийири менен чыгып кетишер...

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь