Шаарды таштандыдан арылткандарга камкордук керек

Жалал-Абад шаары | 16:03, 4-июнь 2021 | Кароолор: 1 305Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарын таштандыдан арылткан адамдарга алкыш гана керек. Көчө жээгине туш келди таштанды ыргыткандардын абийирин жаап, дайым калааны таза кармап келет.

Акыр-чикирге толгон жайларды иретке келтирүү аракети менен жүрүп, кийимине жыт сиңип калган кызматкерлерди жийиркенип карап, катарга кошкусу келбеген чолок ойлуу адамдар бар. Тескерисинче түрдүү ооруларды алдын алып жаткан тазалыкчыларга таазим этели.

Таштандыларды тазалап келген кызматкерлер жуунуп алышы үчүн мекемесинде шарт жок. Жакында гана "Жалал-Абад Тазалык" ишканасында жумушчуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында жуунуучу жана эс алуучу жай уюштурулуп, мүмкүнчүлүк берилди. Мамлекет колдон келсе, ушуларга дагы камкордук көрсөтсүн.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь