Белтеректиктер кооптонгон коркунучтар

Базар-Коргон шаары | 10:27, 30-май 2021 | Кароолор: 1 126Аткарыла элек

Базар-Коргон районуна караштуу Белтерек айылынын элин кыйнаган маселе— электр аба чубалгыларынын эскилиги жеткени. Тээ союз мезгилиндеги мамычалар эскирип, кулайын деп калган. Айыл аралап өткөн электр аба чубалгылардын айрымдары адам боюна жетет.

Ошондойабалдагы зымдардынабалы элди убайга салат.Адам боюна барабар зымдан кара мал ток тартынып өлгөн учур болгон.Айылда саналуу эле электр мамычасы бар, дээрлиги эптеп элезымды тартып, үйүнө жарык киргизип алышкан.

Техникалык коопсуздукту эске алганда айылга электр жарыгын берүүнүн өзу кооптуу. Кайсыл бийлик келсе да мамыча сураган элеттиктер акыры маселе да койбой калышты. Анткени алар далай ирет кайрылуу жазып, чарчап деле калышкан.  

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь