Токтогул атанын ааламын ачкан музей

Токтогульский район | 10:34, 30 мая 2021 | Просмотров: 1 047Не выполнено

Улуу демократ, төкмө акын, ойчулжана композитор Токтогул Сатылгановдунчыгармачылыгынбарактабаган, баалабаган жан болбосо керек.Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналыпТоктогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылында ачылган музейге баш баксаң, Токтогул атаны жакындан таанууга дагы бир чоң кадам болуп калат.

Мындагы музейде улуу инсандын  өзүнө таандык үч гана буюм бар болсо, тирүү мезгилинде борбордо өткөн сынакта тартылып калган бир гана сүрөтү бар. Мына ошол сүрөт анын ааламын ачууга да чоң кадам болгон.

Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесин утурлай ушул музей ачылган. Башында 900 экспонат менен ачылса, азыркы тапта 1300гө жетип калды.

Музейде Токтогул атанын мезгилиндеги буюмдар менен жубайы Сейдимкандын үкөгү бар.Улуу акындын чыгармалары, чыгармачылык жолу, сүргүнгө барып келген жолу — бүт баары камтылган. Музейге кызыгыпсырттан келгендер да арбын.

2015-жылы Токтогулдун 150 жылдык мааракесин утурлай да капиталдык оңдоп-түзөөлөр болуп, заманбапташтырылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь