Токтогул ата өзү чапкан комуз

Токтогул району | 19:08, 21-июль 2021 | Кароолор: 2 491Аткарыла элек

Токтогул районундагы Токтогул Сатылганов атындагы музейдеөзгөчө аздектелген дагы бир буюму — үч кыл комузу бар.  Токтогул сүргүндөн бул комузду өз колу менен чапкан жанаөзүнүн басып өткөн жолу, жан дүйнөсү, татаал тагдырындагы бороон-чапкын күндөрүн, ичиндеги туйгуларынанырга салып,ушул комузунда күүгө келген.

Чакан жана кооз комуз киргенде эле музей көрүүчүлөрүн өзүнө тартат. Анын жанында катарлаш шакиртинин да комузу коюлган. Төкмө атанын өз колу менен чабылып, күүгө келген комузун анын жакындары Токтогул операсын жазган Власов деген адамга белекке тартуулашкан. Музыка дүйнөсүн түшүнгөн ал инсан комуздун барктуулугун эске алып, кайрадан музейге тапшырган.

Ошентип Токтогул ата күүгө келтирген комузмындагы музейге алынып келип, кийинкимуундар үчүн тарыхыйбаалуулук катары сакталып калды. 

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь