«Активдүү жаран»: Токтогулдун сүргүндөгү сүрөтү

Токтогул району | 19:08, 30-май 2021 | Кароолор: 9 084Аткарыла элек

Токтогул районундагы Т.Сатылганов атындагы музейге келген көрүүчүлөр Токтогулдунсүргүндөгү сүрөтүнө өзгөчө үңүлүп карашат жанаал сүрөттүн тарых-таржымалынакөбүрөөк кызыгышат.Маалыматтарга караганда, Токтогул кармалган Иркутскта камалгандардын илинген сүрөтүндө Токтогулду да кезиктирүүгө болоору айтылып келет.

Анын сүргүнгө кетиши, ага карата чыгарылган чечимдер тууралуу документтер изилденип жүрүп, 1987-жылы Иркутскта кармалганы боюнча документтери алынып келген. Ошол мезгилде бул сүрөт да алынган.

Өкүнүчтүүсү, Токтогул атанын көзү тирүү мезгилиндеги эки гана сүрөтү бар. Анын бири Иркутсктагы камактагысүрөт болсо, экинчиси Фрунзе шаарындагы чыгармачыл адамдарарасында өткөн сынакта тартылып калган. Тактап айтканда, 1928-жылы Фрунзе шаарында өнөрпоздор арасында өткөн сынакка катышып, эки шакирти менен түшкөн сүрөттү айтууга болот.

Токтогул атаны таануу үчүн музейге жаш муундардын келүүсүнө шарт жаралса, улуу акындын бейнеси келечек ээлерине дагы кенен ачылмак.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь