Токтогул атанын сөөгү чыгарылган үй

Токтогульский район | 10:46, 30 мая 2021 | Просмотров: 1 376Не выполнено

Азып-тозуп, кыйынчылыктын кыйын күндөрүн баштан кечирген Токтогул  Сатылганов 1908-1910-жылдар аралыгында  өз жерине жетип келген. АлСасык-Жийде айылындагы чакан эки бөлмөлүү үйдө 1916-жылдан 1933-жылга чейин жашаган.

1922-жылдары экинчи жолу түтүн булатып, өзүнөн 19 жашка кичүү Сейдимкан апага баш кошот. Бул түгөйлөр1925-жылы  Гүлсара, 1928-жылыБабажан аттуу  балалуу болушат. 1933-жылдынжаз мезгилинде улуу ойчул оорудан улам оо дүйнө салган. Токтогул атанын сөөгү ушул үйдөн чыгарылган.

Эл арасындагы айтылып жүргөн маалыматтарга карагандаолуя да болгон экен. Ал өлөөр алдында “Жакында көз жумам” деген экен. Ал кепти айтканынан көп узабай эле каза болгон дешет. Кийин ал үйдө туугандары жашаган.

Токтогулдун 125 жылдыгына утурлай үйүнүн үстү жабылып, устундары оңдолгон. Токтогул жашап жаткан үй айылдан бир аз обочороок жайгашып, айланасы тосмолонгон.Алкөз жумгандан кийин уулу менен кызымамлекеттин камкордугуна алынып, Фрунзеге алынып кеткен. Мына ушул үй адабият сүйүүчүлөрдүн кызыктуу үйүнө айланган. 

Токтогул атанын чыгармачылыгына катуу таасирленгендер өзгөчө ушул уйдү көрүүгө келет. Токтогул атаны ырас даңктап жүргөн соң, үйгө барчу жолго да көңүл бөлүнсөжакшы болоор эле...

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь