Сейил бакта эркин жашагысы келгендерге жакпаган чечим

город Жалал-Абад | 11:00, 30 мая 2021 | Просмотров: 246Не выполнено

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы "Нооруз" эс алуу багынын курулушуна тоскоолдук жараткан Победа көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар бузулуп жатат. Тактап айтканда, 8 үйдүн мыйзамсыз курулган короо-жайы бар.

Мындай иш-аракеттер жашоочулардын эс алуусуна шарт жаратуу жана "Нооруз" паркынын аянтын кеңейтүү максатында жүрүп жатат. Деген менен бул аракет сейил бакта эркин жашагысы келген, өз билемдик менен сейил бактын аянтына чыгып алгандарга жакпай турат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь