Тойго чыккандар сейил бакты тебелеп бүтмөй болушту

город Жалал-Абад | 15:00, 31 мая 2021 | Просмотров: 1 601Не выполнено

Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багы тойдогу түгөйлөрдүн сүрөт түшүүчү жайына айланды. Күн сайын тойго чыккандарды көрүүгө болот.

Албетте жаңыдан турмуш жолун баштагандардын кубаныч жайына айланганы жакшы жышаан деңизчи. Бирок сейил бактын жашыл майсанын тегиз абалда өстүрүп, сейил бакка көрк бергендердин эмгегин тебелеп жатышканы өкүнүчтүү. 

Кызматкерлердин жасаган аракети бир тыйынга арзыбай калууда. Сүрөт, видеого тарткандартүгөйлөрдү жашыл майсанды тебелетип, ары-бери бастыра бергендиктен айрым жеринде чөп өспөй калды.Сейил бакты жашылдандыруу — элдин эс алуусу үчүн көрүлгөн кадам. Андыктан сүрөтчүлөр той ээлеринсейил бактын көк шиберинде айланта бербей, башка кадамга барышы керек.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь