Жеңиш көчөсү аба чубалгыга эле толуп калды

Жалал-Абад шаары | 15:02, 31-май 2021 | Кароолор: 1 581Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгындагы Жеңиш көчөсүнүн жашоочуларына кыйын эле болду. Көчөдөн бир тарабынан 0,4 кВ аба чубалгысы тартылса, бир тарабынан жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы өткөн.

Бүт эле аба чубалгыга толгондуктан калкка деле кооптуулук жаралып калды. Жолдун эки тарабынан тең аба чубалгылары тартылгандыктан, эми эл газ тарта албай жатышат. Мында жашагандардын жазбаган, кайрылбаганбийлиги калбады. Элдин үнүн уккан жан жок.  

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь