Поезд жолдун жээгин таштандыга айландырышты

Жалал-Абад шаары | 15:03, 31-май 2021 | Кароолор: 1 486Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарында поезд жолдун боюндагы жергиликтүүлөр таштандыларын мүшөккө салып, акырын алып чыгып коюшат. Ит, куш, мышык тытмалап жатабы, эч биринин иши да жок.

Поезд жол жээгиндеги таштандылар болсо чачылган абалда жата берет. Бир гана “Жалал-Абад тазалык”  мекемесинин шордуу кызматкерлери чачылган таштандыларды жыйнайт, алып кетишет.

Кызматкерлерди кыйнабай, таштанды урналары коюлса, элге да, мекеме жумушчуларына да жеңилдик болмок...

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь