Белчебизден баткакка батып, балык болгону калдык

Ак-Талинский район | 12:02, 9 июня 2021 | Просмотров: 2 361Не выполнено

Ак-Тал-Чат—Ак-Кыя унаа жолу адам эмес, ит ыйларлык абалга келди. Карап койгон жан жок. Жол эмес эле, шифер болуп калды. Ортосуна шагыл үйүлүп, унаалардын алды тийип, картери же май куюучу бактары жарылып жатат. Айдоочулардын эле шору катты.

Чоңдор келерде эле грейдер менен сүрдүрүп коюшат. Андайда акча табылып, мындай учурда табылбай калабы?

Анысы аз келгенсип, жолду суу каптап, баткакка айланды. Белчебизден баткакка батып, балык болгону калдык. Жолдун алды шагыл болгону үчүн эле өтүп жатабыз. Болбосо унаалар тыгылып калчудай. Бул жерин суу жеп жатат. Суу жеп кетсе жолдун бул жагынан дагы, тигил жагынан дагы өтө албай калабыз. Карап коюшпайбы...

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь