«Активдүү жаран»: Ак-Бейит сайындагы жолду суу жеп, жол жоголуп кетиптир

Ак-Талаа району | 17:42, 10-июнь 2021 | Кароолор: 5 098Аткарыла элек

Ак-Талаа районунун Орто-Сырт жайлоосундагы Ак-Бейит сайындагы унаа жол жараксыз абалга келип, жеңил унаалардын өтүшү кыйын болуп калыптыр. Бул жол аркылуу жашоочулар Үгүт жана Байгөнчөк айылынын жайлоосуна, андан ары Ат-Башы районуна, Арпа жайлоосуна барышат.

Буга чейин жолдун абалы жакшы эле болчу. Өткөн жылы ат-башылык туугандар Турук көмүр кенине катташ үчүн көпүрө салып, ал көпүрө суунун агышына тоскоолдук жаратып, суу сайды жеп кеткен. Учурда унаалар араң эле өтүп калыптыр. Бул жерин деле суу жегени калыптыр. Муну суу жеп кетсе бүттү, башка жол жок... 

Ушул жолду жергиликтүү бийлик, жол тейлөө ишканасы карап, оңдоп коюшса сонун болот эле.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь