Каздырткан соң кайрылып келип коюшпайбы...

19:45, 12 июня 2021 | Просмотров: 0Не выполнено

На данную новость получен ответ: Баткак баскан жол калыбына келтирилди

Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында 3 күн нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 10-июнь айылдын баш жагындагы Киши-Өлгөн чөлкөмүнөн агып келген кыян суу айылга кирип, 20 га чукул үйдүн короо-жайларын бүт баткак суу каптап кеткен.

Ушул күнү түнкү саат 12:20 лар чамасында өзгөчө кырдаалдар кызматы келген. Алар, унаа жолдогу 2 суу түтүктөрүн алып, жолдорду каздыра бергиле дешкен. Анткени, каптаган кыян сууларды айылдын четиндеги чоң дренажга агып кеткидей кылып жасашарын билдиришкен. Ал жолдо суу түтүгү бар болчу. Бирок, кичинекей болгондуктан суу батпай, андан ашкан суулар айылды каптаган.

Ошентип, "жолду казып даярдай бергиле, биз жол тейлөө ишканасына айтып, чоң бетон шакекчелерди койдуруп, көпүрө курдуруп беребиз" деп кетишкен. Андан бери 2 күн убакыт өттү. Жол 2 жеринен казылган боюнча турат. ДЭУдан дайын жок же тигилерден дайын жок. Айылда каттам токтоп калды. Унаалар ары өтө албайт же бери өтө албайт. Жол жабылган боюнча турат. Анча, каздырткандан кийин бир кайрылып келип  коюшпайбы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь