Баткак баскан жол калыбына келтирилди

Балыкчы шаары | 03:19, 13-июнь 2021 | Кароолор: 1 465

Көйгөй: Каздырткан соң кайрылып келип коюшпайбы...

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын тургуну Ак-Тал-Чат—Ак-Кыя унаа жолун нөшөрлөгөн жамгырдан улам баткакка айланып калгандыгын "Активдүү жаранга" билдирген эле. "Ак-Тал-Чат - Ак-Кыя унаа жолу адам эмес, ит ыйларлык абалга келди. Карап койгон жан жок. Жол эмес эле, шифер болуп калды. Ортосуна шагыл үйүлүп, унаалардын алды тийип, картери же май куюучу бактары жарылып жатат. Айдоочулардын эле шору катты. Чоңдор келерде эле грейдер менен сүрдүрүп коюшат. Андайда акча табылып, мындай учурда табылбай калабы? Анысы аз келгенсип, жолду суу каптап, баткакка айланды. Белчебизден баткакка батып, балык болгону калдык. Жолдун алды шагыл болгону үчүн эле өтүп жатабыз. Болбосо унаалар тыгылып калчудай. Бул жерин суу жеп жатат. Суу жеп кетсе жолдун бул жагынан дагы, тигил жагынан дагы өтө албай калабыз. Карап коюшпайбы...", - деген эле активдүү жаран. Бул боюнча Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков суу каптап, баткакка айланган жол калыбына келтирилгендигин кабарлады. "Ак-Тал-Чат - Казарман жолунун 5-8 чакырымында нөшөрлөгөн жамгырдан улам кыян суу агып, жол астындагы көпүрө дагы кум, топуракка толуп, суу өтпөй кала берет. Жогору жактан баткак аралаш суу жол үстүнөн агып, баткак боло түшүптүр. Муну бир аз кургай түшкөндө грейдер менен сүрдүрүп, тазалап коюп турабыз. Дайыма эле мындай боло бербейт. Катуу жамгыр жааганда ушундай болот. Ал жер анчалык деле коркунуч жаратпайт. Негизгиси каттам токтоп калбай, жүрүп жатат. Кечээ калыбына келтирип, аталган жолду сүрдүрдүк. Сөздүн ачыгын айтканда, жол дагы чөгүп кеткен. Жолду бери дегенде 1 метрден ашык бийиктетүү керек. Ал көп каражатты талап кылат. Ушул жерге дагы кошумча бетон-шакек көпүрө койсокбу деп пландап жатам", - деди Т.Абдылдабеков.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь