Айкөлдүн айкелине көңүл буруп койсоңор болобу?

21:24, 7-август 2021 | Кароолор: 2 198Аткарыла элек

Ак-Талаа районунун Баетов айылында 2015-жылы ал кездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин колдоосу, демөөрчүлөрдүн деми, ошол учурдагы аким Семетей Черикбаевдин аракети менен кыргыздын акыркы могиканы аталган айтылуу Тайлак баатырдын эстелиги орнотулган. Ошол орнотулгандан бери эстеликти эстеп, көңүл буруп койгон жан жоктой. 
     Кыргыз элинин эгемендүүлүгү үчүн сырткы душмандар менен күрөшүп, мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө жана түптөлүшүнө эбегейсиз эрдик кылган Эр Тайлак атабыздын айкелинин кунары кетип, тийген күндүн нурунан, жааган жамгырдын суусунан улам сыры өчүп, көркү көзгө комсоо көрүнүп турганы жакшы эмес. Учурда, ички жана сырткы туристтердин агымы токтобой, дал ушул эстеликтин жанына келип сүрөткө түшүп, назарын бурушуп, нары-бери жагын карап өтүшүүдө. 
     Албетте, айкелди сырдап, көркүнө келтирип коюдан район өнүгүп кетпейт же башка көйгөй жокпу деп айтарсыздар. Бирок, район борборундагы жападан жалгыз тарыхый айкел айылыбыздын көркү го. Эгемендүүлүк күнүнө дагы саналуу күндөр калды. Андыктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көңүл буруп, сырдап, көркүнө келтирип коюшса сонун болмок...

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь