Чоңдор кудайдан коркуп эмгек акыларын көтөрүп бергиле.

20:33, 25 ноября 2021 | Просмотров: 1 274Не выполнено

Нарын облусундагы бийиктиги 3030 метрди түзгөн Долон ашуусунда кыштын ызгаар күнү, үшүп-шишип жолго кум чачып, жол тазалап, арзыбаган, жарыялаган 2 500 сом айлыкка иштеп жүрүшкөн аталарыбыз, агаларыбыз бар. 

Биз айдоочулар ар дайым жолдо жүрөбүз. Ушул Долондун кырында кыштын күнү үшүп-шишип, суукка тоңуп, бороон-чапкында 2-3 чакырым жолго кум-шагыл чачышып, болор-болбос айлыкка иштеп жүрүшөт. Бул байкелердин кызыкчылыктарын, азап-тозокторун көп көрөбүз. Ушул адамдардын эмгегин баалап, чоңдор көрүп, билип жаткан болсо, Кудайдан коркуп эмгек акыларын 15-20 миң сом кылып берип коюшпайбы.

Мен 10 жылдан бери ушул жол менен каттап жүрөм. Ушул жерде байкуш ушул эле байкелер жүрөт. Ар дайым арманын, айлыктарынын аз экендигин, көйгөйлөрүн эч ким укпай койгондугун айтып келишет. Айрым байкелер спирт ичимдигин ичип алышат. "Эмне ичип алдыңыз" десек, "суук бул болсо, тоңуп өлмөк белек, ичебиз да" дешет. Булар дагы үй-бүлө багыш керек, жакшы жашаш керек да. Биз билгенден 6-7 жолчу иштейт. Байкуш ар ызгаар суукта автоунаалар тайгаланбасын, эл жолдо азап тартпасын деп күн-түн дебей күзөттө туруп иштешет. Буларга деле кыйын да. Жок дегенде эмгек акыларын жогорулатып берип коюшса, булар дагы көңүлдүү иштешмек. Чоңдор кудайдан коркуп, адилеттүүлүк кылып айлык-маяналарын көтөрүп бергиле. 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь