Чоңдор кудайдан коркуп эмгек акыларын жогорулатып бергиле

20:36, 25-ноябрь 2021 | Кароолор: 1 020Аткарыла элек

Нарын облусундагы бийиктиги 3030 метрди түзгөн Долон ашуусунда кыштын ызгаар күнү, үшүп-шишип жолго кум чачып, жол тазалап, арзыбаган, жарыбаган 2 500 сом айлыкка иштеп жүрүшкөн аталарыбыз, агаларыбыз бар. 

Биз айдоочулар ар дайым жолдо жүрөбүз. Ушул Долондун кырында кыштын күнү үшүп-шишип, суукка тоңуп, бороон-чапкында 2-3 чакырым жолго кум-шагыл чачышып, болор-болбос айлыкка иштеп жүрүшөт. Бул байкелердин кызыкчылыктарын, азап-тозокторун көп көрөбүз. Ушул адамдардын эмгегин баалап, чоңдор көрүп, билип жаткан болсо, кудайдан коркуп эмгек акыларын 15-20 миң сом кылып берип коюшпайбы.

Мен 10 жылдан бери ушул жол менен каттап жүрөм. Ушул жерде байкуш ушул эле байкелер жүрөт. Ар дайым арманын, айлыктарынын аз экендигин, көйгөйлөрүн эч ким укпай койгондугун айтып келишет. Айрым байкелер спирт ичимдигин ичип алышат. "Эмне ичип алдыңыз" десек, "суук бул болсо, тоңуп өлмөк белек, ичебиз да" дешет. Булар дагы үй-бүлө багыш керек, жакшы жашаш керек да. Биз билгенден 6-7 жолчу иштейт. Байкуштар ызгаар суукта автоунаалар тайгаланбасын, эл жолдо азап тартпасын деп күн-түн дебей күзөттө туруп иштешет. Буларга деле кыйын да. Жок дегенде эмгек акыларын жогорулатып берип коюшса, булар дагы көңүлдүү иштешмек. Чоңдор кудайдан коркуп, адилеттүүлүк кылып айлык-маяналарын көтөрүп бергиле. 

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь