Көлчүктөн өтө албай көпчүлүк нааразы

01:35, 28-апрель 2022 | Кароолор: 1 155Аткарыла элек

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Манас көчөсү менен Зина Ашырбаева көчөсүнүн кесилишиндеги жоголуп кеткен арыктын азабынан жаан-чачын учурунда көлчүктөп суу толуп калат. 

Кеп, ал жерге суунун көлчүктөп калганына эмес, көпчүлүк ошол жерде жайгашкан банкоматка өтө албай калганында. Анткени, ал жерде Айыл банктын банкоматы, менчик дүкөн, ашкана жайгашкан. Базарга дагы кирсе болот.

Жаз келгенде ишембилик өткөрүү, айлана-чөйрөнү, арыктарды тазалоо боюнча акимдин бир айлыгы боюнча буйруктар чыгат. Бирок, ишембилик кылуу, арыктарды тазалоо мекеме-ишканаларга эле тиешелүүбү? Ошол жерде иш алып барып жаткан ишкерлерге тиешеси жокпу же аларды "арыгыңды казып, айланаңды тазала" деп айта турчу жергиликтүү бийлик жокпу? Ашып кетсе эшигинин алдындагы 15-20 метр арыкты ошол жердеги дүкөн, ашкана ээлери деле тазалап, арыкты казып коюшпайбы. Анысы аз келгенсип дөбөдөй кылып шагыл төгүп коюшкан. Банкоматка барган көпчүлүк  көлчүктөн өтө албай нааразы болуп жүрүшөт.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь