Ашуунун жолун ким оңдойт?

02:45, 28-апрель 2022 | Кароолор: 855Аткарыла элек

Ак-Талаа районунда Орто-Сырт, Арпа жайлоолоруна ашып өтө турчу МЭЛС ашуу деген бар.

Аталган ашуудагы унаа жолдун абалы учурда абдан начар. Аркы бети мындан дагы начар. Жакынкы күндөрү малчылар жайлоолорго көчө башташат. Бирок, жолдун абалына көңүл буруп койгон жан жок. Суу жеп, аң-чөнөккө айланып, чоң-чоң таштар жатат. Дегеле, бул ашуунун жолун ким оңдойт? Азыртадан аракет кылыш керек да. 

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь