Материалдарды жарыялоо эрежелери
Эрежелер АКИpress'тин колдонуучулардан материалдарды, кулактандырууларды жана анкеталарды кабыл алган бардык сайттарында жана сервистеринде колдонулат.
Материалдар: жаңылыктар, макалалар, пикирлер, сүрөт жана видео
- Материалды жөнөтүүАКИpress'ке жаңылык, макала, пикир, сүрөт, видео же башка материалды жөнөтүү менен сиз аны жөнөтүүгө укугуңуз бар экенин жана анын жарыяланышы үчүнчү жактардын укуктарын бузбай турганын ырастайсыз.
- Материалга укуктарЖөнөтүлгөн материалдарга интеллектуалдык менчик укуктары сизде калат. Жарыялангандан кийин сиз «Кыргызстан» коммерциялык маалымат агенттиги» ЖЧКсына материалды укук ээсинин сайттарында жарыялоого жана таратууга мөөнөтсүз жана кайра чакырылгыс укук бересиз, авторлугуңуз сакталат.
- Оңдоп-түзөөРедакция жаңылыктын же билдирүүнүн маанисин өзгөртпөстөн материалды оңдоп-түзөөгө жана толуктоого укуктуу.
- Жарыялоодон баш тартууРедакция каалаган материалды кабыл албай коюуга жана себебин түшүндүрбөстөн жарыялабоого укуктуу. Редакциянын чечими талашсыз жана талкуулоого жатпайт. Материалды жөнөтүү редакцияга аны жарыялоо милдетин жүктөбөйт.
- МодерацияМатериал редакция текшергенден кийин сайтка жарыяланат. Жарыяланган материал жөнөтүүчүнүн талабы боюнча оңдолбойт.
- ЖоопкерчиликЖөнөтүлгөн материалдагы маалыматтардын аныктыгы үчүн жөнөтүүчү жооп берет.
- Жарыяланган материалдарды пайдаланууАКИpress сайттарында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана. Материалдарды жалпыга таратуу АКИpress редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.
Сервистердеги кулактандыруулар, анкеталар жана карточкалар
- Кулактандырууну, анкетаны же карточканы жайгаштыруу менен сиз маалыматтын аныктыгын жана аны жарыялоого укугуңуз бар экенин ырастайсыз.
- Модерация кулактандыруунун маанисин өзгөртпөстөн аны оңдоого укуктуу: рубрикасын, орфографиясын оңдоо, тексттен байланыш маалыматын алып салуу.
- Модерация себебин түшүндүрбөстөн жайгаштыруудан баш тартууга же жайгаштырылган кулактандырууну алып салууга укуктуу. Чечим талашсыз.
- Кулактандыруунун мазмуну үчүн аны жайгаштырган жак жооп берет.