23-сентябрь — Кыргызстандын мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алган. Андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Улуттун эң башкы байлыктарынын бири — эне тили. Төмөндө кыргыз тилинин жазуу эрежелерине байланыштуу суроолорду топтодук. Аларга жооп берүү менен өзүңүздү текшерип көрүңүз.


