Эки электр мамысы кыйшайып, элге коркунуч жаратууда
Жооп алынды: Кара-Бүргөндөгү кыйшайган карагайлар түздөлдү
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын Тутун Калчабаев көчөсүнүн №17 үйдүн тилкесиндеги 2 электр мамысы кыйшайып, жыгылып калчудай болуп кооптондуруп турат. Бул боюнча райондук электр тармагы ишканасына кайрылганыбызга 1 жыл болду. Жетекчиси өткөн жылы жаз мезгилинде эле түздөйбүз деген. Ошол боюнча дайын жок.
Жыгылгана калган 2 карагай тең менин үйүмдөн жанында. Андан ары турган карагайды кошуналар болуп түздөгөнбүз. Түбү сынып калган. Анан, бул карагайларды түздөйлү десек түбү сынып калчудай. Кайрылганыбызга 1 жылдан ашты. Келип түздөп коюшпайбы.
Баатай Молдобай уулу, Кара-Бүргөн айылынын тургуну
Учурда окулууда
Видео — Шопоковдо заматта 4 унаа кыйраган кырсык орун алды
Окуп жаткандар: 33
Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин мурдагы жетекчилер камакка алынды
Окуп жаткандар: 13