- Баш барак /
- Жалал-Абад /
- Кара-Көл шаары
Паспорт алууда көйгөй жаралат

Кара-Көл шаарынын Сабиров көчөсүндөгү 25-көп кабаттуу үйдө жашайбыз. Бул үйгө 2007-жылы Бекташ көчөсүндөгү үйүбүз өрттөнгөндөн кийин келип жашап калдык. Батирлерди оңдоп, түзөп канча жылдан бери шарт түзүп да алдык. Бирок бүгүнкү күндө аны менчиктештире албай келебиз.
Балдарыбызга паспорт алууга, аларды батирибизге каттоого мыйзам жол бербейт экен. Жергиликтүү бийликке кайрылдык. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпады. Бизге жогортодон тиешелүү кызматтар териштирип, тактап жардам берсе деген үмүт менен ушул сайтка жазуудабыз. Жалпы 14 үй-бүлөнүн ушундай көйгөйү бар.
Учурда окулууда
«Орус кайненеси бар дешет»: Нурзада Темишованын Москвадагы жашоосу
Окуп жаткандар: 21
«Согуш жүрүп жаткандай»: Жапаров айдоочулук күбөлүк боюнча үн катты
Окуп жаткандар: 13