Он-Адыр айылында унаа токтоочу жай жок

Ош шаары | 18:29, 31-март 2021 | Кароолор: 737Аткарыла элек

Ош шаарындагы Он-Адыр айлында унаа токтоочу жай жок.

Ош шаарындагы эң чоң аймактык башкармалыктардын бири Амир-Темир аймактык башкармалыгы. Он-Адыр айылы аталган аймактык башкармалыктын борбору болуп саналат. Кичи маркеттер, банктар, май куюучу жайлар, өндүрүштүк ишканалар жайгашкан. Дээрлик шаарга айланган бул айылда бир дагы унаа токтоочу жай жок. Ошондуктан унаалар тротуарды ээлеп алган.

Жөө жүргүнчүлөр унаа жүрүүчү жолдун четинде басып жүрүшөт. Бул көйгөй чечилбесе, кырсыктар көп болот.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат