- Баш барак /
- Ысык-Көл /
- Түп району
Көпүрөгө муктаж Түптөгү айыл
Саламатсыздарбы! Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айыл өкмөтүнө тиешелүү кайрак жана сугат жерлерди иштетүүдө жалпы элдин бирден-бир көйгөйү — талаада көпүрөлөрдүн жоктугу. Жаз башталгандан кыш келгенге чейин техникалар айылдын ичи аркылуу өтүшөт. Тактап айтканда, бир трактор же комбайн талаада көпүрөлөрдүн жоктугунан 3,5 чакырымдан 6 чакырымга чейинки жолду басып өтүп, кайра экинчи дыйкандын жерин айдап берет.
8-10 көпүрө курулса, биринчиден дыйкандардын көптөн күткөн көйгөйү чечилип, экинчиден убакыттан жеңет эле. Ошондой эле дыйкандардын түшүмүн жыйноо иштерин убагында бүткөрүүгө чоң жардам болот эле.
Учурда окулууда
Ысык-Көл облусунун борборунда эл чогулду
Окуп жаткандар: 326
Түнкүсүн Түптө бараткан бишкектик жигит күтүүсүз окуяга туш болду (видео)
Окуп жаткандар: 66
ВИЧ жуктуруп алган кызына күйөө издеген атанын кайгысы: Баткендеги окуя
Окуп жаткандар: 47