Чөп баскан мамлекеттик мекеме

город Базар-Коргон | 13:22, 10 мая 2021 | Просмотров: 944Не выполнено

Бул Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын короосу. Мындагы эс алуу багын чөп басып, айлана-тегерегин таштанды каптаган. Элге үлгү болчу эл башчылары ушундай абалда болсо, калган тургундар эмне болот?

Мамлекеттик имараттын эки жагын тазалап, актап, сырдап отурса болмок.Өлкөдө жүрүп жаткан үч айлык акимчиликке жетпей калгандай...

Чөп өскөнү аз келгенсип, дарактар да буталган эмес. Эшигин көрүп, төрүнө өт дейт кыргызда. Райондун күзгүсү болгон имаратта кайдыгерлик орун алса, башка мекемелерди сөз кылуунун кереги жок.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь